КЕЧИРИМ БЕРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЧИРИМ БЕРҮҮ – күнөөлүү бир же бир нече адамга КРдин Президенти тарабынан берилген мунапыс. Соттолгон адам, о. эле анын бир туу­гандары, мамл. эмес уюмдар, көзөмөлдөө комис-


сиясы ж. б. КРдин Президентине К. б. ж-дө өтүнүч м-н кайрылууга укуктуу. К. б. ж-дө өз атынан өлкө башчысы да көтөрүшү мүмкүн. К. б. актысы б-ча: 1) соттолгон адам андан ары жазасын өтөөдөн толугу м-н бошотулат; 2) сот­толгон адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскар­тылат; 3) соттолгон адамга коюлган статья кыйла жеңилдетилет; 4) эркинен өмүр бою ажыратылгандар үчүн жаза өтөө мөөнөтү 30 жылга алмаштырылышы мүмкүн. Эркин­дигинен толук ажыратылган адамга белгилен­ген жазанын кеминде жарымын өтөгөндөн ки­йин, ал эми соттолгон адамдарга соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин кайрылууга укук бе­рилген.

К. А. Бодобаев.