«КУРМАНБЕК»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КУРМАНБЕК» – кыргыздын баатырдык дастандарынын бири. Негизги темасы – ата журтту коргоо, башкы идеясы – уруу, эл биримдигин сактоо. Дастандагы окуялар жуңгар дооруна туура келет. 14-к-дын аягында Батыш Моңголияда пайда болгон Жуңгар мамлекети О. Азия­нын бир топ жерин басып алып, катуу сурак жүргүзгөн. 16–18-к-да кыргыз эли ойрот, жунгар баскынчыларына каршы күрөшүп, аларды сүрүп чыгып, эл-жерди эзүүдөн бошоткон. Дастандын өзөгүн ошол окуялар түзгөн деп болжол­доого болот. «Курманбек» дастанын адеп изилдегендердин бири Г. Самарин «К-тин» кыргыз урууларынын ойрот-жуңгар (калмак) хандарына каршы күрөшкөн доорунда (16–18-к-да) түзүлгөнүн белгилесе, каракалпак ад-тчысы К. Максетов анын 16-к-дан мурда б. а. каракалпак эли ногойлордун союзунда бирге турган мезгилде пайда болгонун көрсөтөт. Дастан кыргызда оозеки түрүндө урпактан урпакка калып, толукталып, өзгөрүүлөргө учурап бизге жеткен. Анын 4 варианты бар: биринчисин 1923-ж. К. Мифтаков М. Мусулманкуловдон жазып алган; экинчисин 1933-ж. Калык Акыев жазып калтырган; үчүнчүсү 1958-ж. Т. Каландаровдон, төртүнчүсү 1970-ж. С.Дыйканбаевден жазып алынган.
Булардын ичинен көркөм деңгээли жогорусу – Калыктын варианты. «Курманбек» дастанынын башкы каарманы – Курманбек. Чыныгы патриот баатыр, эл коргоочу. Эрезеге жеткенде эле эл ка­мын ойлоп, он эки жашында эчен чоң балбандарды жыгат. Он алтыга толгондо 40 жигит курап, калмактардан өч алыш үчүн жөнөйт. Курманбек баатырдын кулк-мүнөзү, анын Канышайга үйлөнүшүнөн айкын көрүнөт. Канышай – баатырдын чыныгы жолдошу, ишенимдүү жубайы. «Курманбек» дастанындагы маанилүү кейипкерлердин бири – Аккан. Баатыр аталып даңкы чыкпаса да, ал – эл багып, эл биримдигин сактап келген адам, адамкерчиликтүү жолдош, ишенимдүү дос. Кара санатайлык менен кара өзгөйлүк дастанда Курманбектин атасы Тейитбек хандын образында берилет. Уулунун калмактарга жасаган чабуулуна каршы турат, кысталыш учурда Телтору атын бербей, кастык кылат. Кара өзгөй Тейитбек акыры өз жазасын алат. «Курманбек» дастанынын композициясы (К. Акыевдики б-ча) өтө жыйнактуу, чебер түзүлгөн. Окуянын орчундуу жерлеринде көр­көм баяндоолор (прозалык кыстырмалар) жана каармандын кыймыл-аракетине, сезим-санааларына байланыштуу монолог, диалог колдонулган. «Курманбек» дастанынын негизинде А. Токомбаев аңгеме жазып (1924), «Чолпон» журналына жарыялаган. К. Жантөшев «Курманбек» пьесасын жазган (1942). «Курманбек» дастаны каракалпак калкында да бар.


Ад.: «Курманбек» эпосунун варианттары. Ф., 1961; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 2-том. Б., 2004.