КОНТРМАДАНИЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРМАДАНИЯТ – маданиятын өзгөчө түрү. Культурологиянын көз карашынан алганда К. салттык мад-ттын чегиндеги агым, ал салттык мад-ттын айрым дөөлөттөрүнө каршы турат. К. эреже катары, доминант мад-тынан айырмаланып, өзүн ага каршы коёт, үстөмдүк кылган мад-ттын дөөлөттөрүнө, нормаларына ж-а моралдык негиздерине шек келтирет. К.1960-жылдары «жаштар революциясында», хиппи кый­мылында ачык байкалган. СССРде К-ка андер-граунд, рок-мад-ты, азыркы батыш дүйнөсүндө хардкор панк кыймылы мисал боло алат.


Ад.: Контркультура и социальные трансформации. М., 1990.