КОНТРАПОСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТРАПОСТ (фр. contraposte, италянча contrapossto – cөзмө-сөз, карама-каршылык, карама-каршы коюу) – көркөм сүрөт иск-восунда симметриялуу же бири-бирине каршы турган адам денесинин бөлүктөрүнүн контрасттык жайгашуу ыкмасы (колу, буту, дененин жо горку ж-а төмөнкү бөлүктөрү). Мис., байыркы доордогу Грекияда кеңири тараган адам фигурасынын бир бутуна таянып, булчуң эттеринин эч чыңалуусуз эркин турган абалы К. аталган. 16-к-да италян Ренессанс доорунда кайра жандандырылган (Микеланжело ж. б. сүрөтчүлөр).

К он т ра п ост. « Дорифор » («Найзакер»). Римдик көчүрмө. Аргостук Поликлеттин ишинин түп нускасынан (б. з. ч. 450–440-чен). Мрамор. Улуттук археология­лык музей. Неаполь.

К. ыкмасы фигурага чы мыркангандыкты, татаал кыймылды берет ж-а анын үч өлчөмдүү экенин баса көрсөтөт.