КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ
КОРГОНЧУ ЧОПО КЕНИ , К ы з ы л - С а й к ен и Баткен обл-нун Лейлек р-нунда. Сүлүктү ш-нан 5 км түш. тарапта, Түркстан кырка тоосунун түн. этегинде. 1965-ж. табылган. Кен аймагын палеоген-неоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тоо тектер түзөт; көп жерин антропоген чөгүндүлөрү жаап калган. Кен каралжын боз түстөгү чопонун линза сымал катмарынан турат. Анын калыңдыгы 7–8 м, уз. 1500 м. Запасы 4237 миң т. Чопо «100» маркасындагы кыш даярдоого жарамдуу. Кен Сүлүктү ш-ндагы кыш з-дунда пайдаланылат.