КОРГОН КҮКҮРТ КЕНИ
КОРГОН КҮКҮРТ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нунда, Коргон суусунун баш жагында, деңиз деңг. 2300–2800 м бийикте. 1937-ж. табылган. Туурасы 6 мден 70 мге, уз. 6–135 мге жетет. Мында 12 сульфиддүү кенташ бар. 1300 мге созулган кенташ аймагы акиташ теги м-н аргиллиттин чегинде жайгашкан. Сульфид кенташындагы күкүрт 15–30%ке жетет. Запасы С2 категориясы б-ча 400 миң т.