КООПСУЗ АРАЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КООПСУЗ АРАЛЫК – жарылуучу заттардан кишиге, механизмге, үйлөргө чейинки жарды­руу таасири тийбеген аралык. Бул аралык «Жар­дыруу иштеринин эрежеси» б-ча аныкталат. Эл отурукташкан аймактарда ар кандай кокустук­тардан сактануу үчүн жардыруу иштери негиз­ги жерден эки эсе алыс жүргүзүлөт. Көп кабат­туу үйлөрдүн, бураналардын, көпүрөлөрдүн ара­лыгы атайын эсептөөлөр м-н такталат.