КОҢУР ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУР ТОПУРАК – ак кылкан-бетегелүү ж-а бетеге-шыбактуу кургак талаа ж-а жарым чөл топурак тиби. К. т. Түркия, Моңголия, Түн. Кытай, АКШ, Аргентина ж. б. өлкөлөрдө көп кездешет. КМШ өлкөлөрүндө Казакстан, Украи­нанын түштүгү, Волга боюнун кургакчыл ра­йондорунда, Түн. Кавказ, Батыш Сибирь ж. б. жерлерде бар. К. т-туу зонанын климаты кес­кин континенттүү, кургакчыл келет. К. т-та карбонаттар көп; эригич туздардын болушу анын шор ж-а шортоң топуракка айланышына алып келет. Кырг-ндын жалпы жер аянтынын 12%ке жакыны К. т-туу келет. Тоонун К. т-ы өрөөндөгүгө караганда чириндилүү, күрдүү келип, жайыт, чабынды ж-а кайрак жер түрүндө пай­даланылат. Өрөөндөрдөгү К. т-туу сугат жерде буудай, беде, эспарцет, картөшкө өстүрүлөт.