КОНЦОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЦО́ВКА , с о ң у – көркөм чыгарманын аягы, бүтүшү. К-нын өзүнчө өзгөчөлүктөрү, салттары бар. Кыргыз эл жомоктору «...ошентип жыр­гап-куунап жашап калган экен» же «ошентип жетим бала кан болуптур» деген өңдүү бүтүм м-н аяктайт. Адатта мындай бүтүм угуучулар­дын көңүлүнө, психологиясына таасир этүү мак­сатында жасалат.