КОНТР-АДМИРАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНТР-АДМИРА́Л – 1) көпчүлүк мамлекеттердин АДФиндеги биринчи же кенже адмиралдык чин; кургактагы аскерлердин генерал-майор наамына тең. Россияда К.-а. чини 1699- жылдан колдонулуп, 18-к-да анын ордуна бир азга шаутбенахта ж-а арир-адмирал чиндери кийрилген. Ранг ж-дөгү табель б-ча биротоло 1722-ж. 24-январда кабыл алынган (к. Аскер­дик наамдар). К.-а. наамы СССР АДФке СССР Жогорку Советинин Президиуму тарабынан 1940-ж. 7-майда киргизилген; 2) ушул чинге ээ адам.