КОНКИСТАДОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНКИСТАДОРЛОР (исп. conquistador – баскынчы) – 15–16-к-дын аягында Түш. ж-а Борб. Америкага атайын жиберилген испандык талоончул баскынчылар. 15-к-да Америка ачылгандан кийин, анын аймактарын К. басып алып, жерг. индей калкын кырып, кулга айландырган, байлыктарын талап-тоноп, тартып алынган алтынды, кулду ж-а жерди өз ара бөлүштүрүшкөн.