КОНДЕНСОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДЕ́НСОР (лат. condenso – коюулантам, тыгыздантам) – кыска фокустуу линза же линзалар системасы; ал оптикалык куралда проекциялануучу нерсени жарыктандыруу үчүн колдонулат. К. жарык булагынан чыккан нурду буюмга багыттайт ж-а ага түшүшүн жакшыртат. К. түрдүү түзүлүштөгү микроскоп, спектр аспабы, проекциялык аппараттарда колдонулат. К-дун апертурасы (оптикалык системанын тешиги) канчалык чоң болсо, түзүлүшү ошончолук татаал болот. 0,1ге чейинки сандык апертурада жөнөкөй линза, 0,2–0,3тө эки линза, 0,3төн жогоркуларда үч линза колдонулат. Сфералык аберрацияны азайтуучу сфералык беттери бири-бирине караган эки бирдей жалпак-томпок линзадан турган К. көп кездешет. Кээде К-дун линзаларынын бети татаал формада – парабола, эллипс түрүндө болот. Микроскопто К-дун апертурасын чоңойтуу м-н анын даана көрсөтүүсү жогорулайт. Ар кандай структурадагы жарык булагынан чыккан жарыкты бирдей абалга келтириш үчүн спектрдик аспаптарда көбүнчө бир канча линзадан турган К. колдонулат.