КОНДЕНСАТТЫК КУРУЛМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНДЕНСАТТЫК КУРУЛМА – конденсатору бар түзүлүштөрдүн ж-а анын туура иштешин камсыз кылуучу түтүктөрдүн, насостордун, арматуранын, жөндөөчү ж-а өлчөөчү приборлордун комплекси. ЖЭСтердеги буу турбиналарын тейлөөчү К. к. ири курулмалардын катарына кирет. Ал буу турбинасында иштетип чыгарыл­ган бууну 5 кн/м2 (0,5 кгк/см2) болгон төмөнкү басымда конденсациялоо үчүн колдонулат. Анда вакуум астында пайда болгон конденсатты сыртка чыгаруучу ж-а буу м-н кошо конденсаторго бара жаткан конденсацияланбаган газды, негизинен вакуум системасынын өтө тыгыз болбогон жеринен кирген абаны тосуп калуучу түзүлүштөр болот.