КҮЙҮҮЧҮ СЛАНЕЦТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЙҮҮЧҮ СЛАНЕЦТЕР – массасы 60–70% күйүүчү орг. заттардан турган чөкмө тектер. Өңү-түсү бозомук күрөң, саргыч күрөң. Курамында бир аз кальцит, доломит, гидрослюда, монтмориллонит, каолинит, талаа шпаты, кварц, пирит ж. б. минералдар кездешет. Орг. заттарга кээ бир өсүмдүктөрдүн жана жөнөкөй балырлар­дын биогеохим. жол менен пайда болгон калдыктары кирет. Тез тутанып, быкшып күйөт. Кургак кызытып, газ, бензин, керосин, парафин, майлоочу май, кокс алынат. Эл чарбасында отун, хим. сырьё катары колдонулат. Жылуулук берүү энергиясы 3500–4000 ккал/кгга жетет. Лагунада, көл менен деңиз түптөрүндө пайда болот. Курамына жараша чополуу, карбонаттуу, кремнийлүү түрлөрдөн турат. Кембрийден тартып, неоген мезгилине чейинки чөкмө тектердин арасында өзүнчө кабатты түзөт. Негизинен платформалуу аймактарда жолугат. Ири кендери Балтика деңизинин жээктеринен, Беларуссия, Украина, Волга бою, Өзбекстан, Якутия, Швеция, Шотландия, АКШ, Канада, Австралия, Кытай ж. б. жерлерден орун алган.


Ад.: Геолог ия месторождений угля и горючих сланцев СССР. Т. 11. М., 1968; Месторождения горючих сланцев мира / Под ред. В. Ф. Череповского. М., 1988.