КҮБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮБӨ – айып тагууга (жаза иштерин аныктоо) жардам берүүчү маалымат, жагдайларды билген адам. К. болуу адамдын жашына карабайт, бирок айыпкердин жакын туугандары өз ыктыяры менен гана суралышат. Калган К-лөр тергөөчү, сот, прокурордун чакыруусу б-ча келип, көргөн-билгенин туура айтууга, берилген суроолорго так жооп берүүгө милдеттенет, о. эле мурунку берген көрсөтмөсүн өзгөртүү же ага толук­тоолорду киргизүүгө укук берилет. Жооп эне тилинде, болбосо тилмеч аркылуу берилип, ал толугу менен протоколго түшүрүлөт же өзү жаза алат. Ал эми күнөөлүү (жабыр тарткан) адамдын ж. б. коргоочу, доочу же жоопкердин кы­зыкчылыгын коргогон өкүлдөр К. боло албайт. Эгер К. мурунку көрсөтмөлөрүнөн танса, анда ал жоопкерчиликке тартылат. Акыл-эси кем, майыптыгынан (дудуктардан башка) улам көргөн-билгенин кабыл ала албаган же аны айтып бере албаган адам К. боло албайт.