КУЮН
КУЮН – аба массасынын тегеренген кыймылга кабылышы. Тегеренүү вертикалдык октун айланасында жүрөт. Чагылгандуу булуттарда пайда болгон кара булуттар түркүк же пилдин тумшугу сымал, төмөн көздөй таралып, атм. К-ду пайда кылат. Көп учурда жер бетине чейин жетет. Эни деңиз үстүндө ондогон мден кургактыкка жүздөгөн мге жетет. Айлануу ылдамдыгы 50–100 м/секга чейин, жылыш тездиги 10–20 м/сек, бийикт. 800–1500 мге чейин. Муздак аба агымы ысык аба катмары менен кездешкенде алардын тең салмактуулугу бузулуп, тез коңторулуп айлануусунан К. пайда болот. Борборунда басымдын өтө аз болушу үстү жагынан булутту, астынан сууну, чаңды соруп алуусун шарттайт. Кээде К. менен кошо чагылгандуу нөшөр, жаан, мөндүр болуп, жер бетиндеги нерселерге жана деңиз кемелерине зыян келтирет. Смерч, тромб, циклондук куюн, чаңдуу куюн буга мисал боло алат. Суу мейкиндигиндеги К. айлампа деп аталат.