КУШБЕГИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУШБЕГИ – О. Азия хандыктарына тийиштүү бийлик мансабы. Болжол менен о. кылымдарда пайда болуп, алгач куш таптоо, аң уулоо сыяктуу хан көңүлүн ачуучу кесип болсо, бара-бара хандын жакын кеңешчиси (16–17-к.), кийин черээк хандан кийинки увазирге тете кызмат (18–19-к.) болуп калган. Бухара хандыгында Башкы кушбегине («Кушбеги-и-Калон») эки киши дайындалып, бири («Кушбеги-и-Боло») башкы министрдин даражасында, экинчиси («Кушбеги-и-Пойон») башкы зекетчинин милдетин аткарган. Кокон жана Чыгыш Түркстандагы кээ бир хандыктарда да К. бийлик баскычындагы маанилүү кызмат орундарынан болуп эсептелген.

А. Абазбеков.