КУУДУЛ
КУУДУЛ – 1) сатиралык чыгармаларды жараткан же аткарган, жүрүш-турушу, кыймыл-аракети менен элди күлдүргөн өнөрпоз; 2) күлкүлүү ролдорду аткаруучу актёр; театр амплуасы. Куудулдук – сейрек талант. Алар бирөөлөрдү туурайт, анекдот айткан, маскарапоздук кылат, тамаша сөз менен азилдешет, аскиялашат ж. б. Алардын кебине жорго сөз, апыртуу, литота мүнөздүү, ошону менен бирге алар өз мезгилиндеги социалдык маселелерди да козгойт. Мис., Шаршен Термечиков ач көздүктү, тойбостукту куду ошол адам кейи птенип, бети-б ашын кыймылдатып туурап, өзүнүн атынан (биринчи жактан) аңгеме кылып айткан: «Менин абдан курсагым ачканда ичерим: арпа жармадан алты жарым аяк, конок көжөдөн жети аяк, кээде жети жарым аяк ичип жиберемин. Нанга деле ошондоймун, Боорсок менен казанга жапкан нандан болжой элекмин. Көмөч казан деген нандан төрттү же төрт жарымды араң түгөтөм». Кыргыз элинен таланттуу К-дар көп чыккан. Бирок көпчүлүгү ж-дө уламыш, аңыз сөздөр гана айтылып калган. Көптөрүнүн куудулдук окуялары авторлугун жоготуп, элдик оозеки чыглыкка сиңип, элдик мураска айланган. Ошентсе да, 19-к-дын аягы 20-к-дын башында жашаган Жоошбай (1840–1919), Көкөтөй (1849–1916), Карачунак (1862–1933), Куйручук (1866–1940), Бекназар (1884–1953), Сары учук (1858–1943), Шаршен (1896–1942), Айдараалы Бейшүкүров (Айдараалы Жөргөлөк, 1851–1943) жана Бошкой, Эшкожо, Ордобай, Кочкорбай, Куйручук сыяктуу куудул-өнөрпоздор элдин эсинде сакталып калды. Кийинки К-дар Асанкул, К. Ниязов, К. Абылов– Ж. Алыкулов– А. Иманкулов, Р. Разыков, М. Бердибеков ж. б. белгилүү.
Ад.: Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Ф., 1988.