КУТМАНАЛИЕВ Орозбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУТМАНАЛИЕВ Орозбек (10. 5. 1932, Чүй обл., Сокулук р-ну, Шалта айылы – 4. 1. 2005, ошол

эле жер) – кино жана театр артисти, төкмө акын, режиссёр, дастанчы. КРдин эл арт. (1992). КМУнун тарых ф-тин бүтүргөн (1971). Эмгек жолун 1955-ж. Респ. куурчак театрында артист болуп баштаган. 1965-жылдан Т. Сатылганов атн. Кыргыз мамл. филармониясын­да солист, 1969-ж. Кыргыз ССРинин телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мамл. к-тинде режиссёр-диктор, 1974-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында дубляж б-ча режиссёр, 1992-жылдан «Салам-Алик» кинофирмасында кеңешчи. Ал Осмонкул, Ы. Борончиев, А. Айталиев, Т. Тыныбеков өңдүү кыргыз акындарынан таалим алган. Төкмөлүк

салтты улантып, айтыш өнөрүнүн өнүгүшүндө да өз орду бар. «Ак Мөөр», «Карагул ботом», «Курманбек» дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Б. Алыкулов, Ысмайыл ж. б. акындардын тер­мелерин, ырларын комузда өзү коштоп, чебер аткарган. «Жүрөктү жүрөм дарылап», «Айдай кыз» (сөзү К. Алмазбековдуку), «Кыйнабай жүрчү» (өзүнүкү), «Гүлдесте» (З. Иманалиев) ж. б. ырларга обон чыгарган. Көркөм окуунун да чебери болгон. Отуздан ашык киного тартылган. Бектемир, Орозкул, Арзымат, Бейшембек (Б. Шамшиев,

О. Кутманалиев – Орозкул, «Ак кеме» фильминен көрүнүш.

«Сүйүү жаңырыгы», 1974; «Ак кеме», 1975; «Фудзиямадагы кадыр түн», 1988; «Эр­те жаздагы турналар», 1979; «Бөрү зындан», 1983), Сабырбек (Ю. Борецкий, «Ак куулар конгон айдың көл», 1972), Асанбек, Мыкаачы (Д. Са­дырбаев, «Түркүн тагдырлар», 1977; «Кайран эл», 1991) Кубат (Б. Шамшиев, А. Сүйүндүков, «Эл арасында», 1978), Кулан, Жарчы (Т. Океев, «Отко таазим», 1971; «Ак илбирстин тукуму»,

1984) ж. б. каармандардын кайталангыс образдарын жаратуу менен кыргыз кино өнөрүнө зор салым кошкон. Медалдар менен сыйланган.