КУРГАК-ТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРГАК-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.
Чуңкурчак өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Уз. 6,8 км, аянты 3,2 км2. Мөңгүнүн башы 4520 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3870 м. Мөңгүнүн бети (20%ке чейин) морена менен («тили» 1,5 кмге чейин) капталган. Ки­йинки мезгилде тартылып баратканы байкалат. Мөңгүдөн Чуңкурчактын оң куймасы – Кургак Төр суусу башталат.