КУРАМА КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРАМА КЫРКА ТООСУ Батыш Теңир-Тоодо. Тажикстан, Өзбекстан жана Кырг-ндын чек арасында жайгашкан. Түш.-чыгышынан Фергана ойдуңу менен чектешет. Сыр-Дарыянын жана Ангрен д-нын суу бөлгүчү. Түш.-батыштан түн.-чы­гышка 120 кмге созулуп, Чаткал кырка тоосуна барып такалат. Эң жазы жери 25 км. Орт. бийикт. 2700 м, эң бийик жери 3769 м. Ангрен д-на караган түн.-батыш бети тик жана кокту-колоттуу, Фергана ойдуңу тарабы жантайыңкы. К. к. т-нда негизинен палеозойдун мета­морфизмделген сланецтери жана карбонат, эффу­зив тоо тектери жатат. Көп бөлүгүн аларды жи­реп чыккан гранит, гранит-диорит жана аляскит интрузиялары ээлейт. Тоо тек катмарлары ири бүктөлүүлөргө дуушарланып, жалпысынан түн.-батыш, түн.-чыгышка багытталган тектон. ири жаракалар менен тилмеленген. Кен байлыктарынан калай, күмүш, жез, коргошун, цинк, флюорит, сейрек кездешүүчү металл кендери бар. 9–10-к-дан алтын менен күмүш казып алынган. Ландшафтында жарым чөл жана кургак талаа (2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу, сейрек бадалдуу талаа (2000–2500 м), шалбаалуу токой (2500–2800 м), андан жогору шалбаалуу субальп жана альп алкактары басымдуу. Жайыт.