КУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРАК э т н о г р а ф и я д а – ар түрдүү түстөгү кездеме өөндөрүнөн кураштырылган буюм. К-тын бөлүктөрү кездеме (тукаба, баркыт ж. б.), кийиз жана тери кесиндилеринен жыйналып, үч бурчтук, чарчы, ромб, тилке түрүндө бычылып, ар кандай айкалышта (алгач ийне менен кездемени кыюу аркылуу) кураштырылып, балыш, жер төшөк, бешик жабуу, туш кийиз, текче, күзгү

к п, аяк к ап, туштук, телевизор жапкыч, отургуч жапкыч, ал эми териден көлдөлөң сыяктуу үй буюмдары жасалат. Үч бурчтук түрү т у м а р же т у р н а, ал эми үч бурчтуктардын биринин учуна экинчисинин аягы жалгашып кеткен тизмеги т у р н а к а т а р деп аталган. К. түрлөрүнүн бото көз, бөрү көз, мүйүз, каттама, айырма, кунаба дегендери да бар. К-тын жердиги илата делет да, ак сүрп менен кара иластан болот. О. эле буюмдун «колтугу», «маңгызы» жана «көзү» са­лынат. Булар элдик К-чылык көчөттөрү болуп саналат. К-ка ар кандай элести берген көчөттөр түшөт, «oмуртка», «ийрек», «жылдызча» көчөттөрү К. куроодо көбүрөөк пайдаланылат. Түш. Кырг-ндын Лейлек, Баткен, Кадамжай, Жаңы- Жол, Алай, Ноокат, Токтогул, Талас өрөөнүнүн Киров, Покровка жана Ысык-Көл, Нарын аймактарында К-чылык өнөрүн бөтөнчө баалашат. Бул өнөр О. Азиядагы түрк элдеринде, о. эле тажиктерде да бар. Учурда К. элдик жасалга­колдонмо өнөр буюмуна айланып, чебер кыз­келиндер салттуу үй буюмдарын жаңыча жасоодо К-ты кеңири колдонууда.