КУПРИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУПРИ́Н Александр Иванович [26. 8(7. 9). 1870, Пенза губерниясы, Наровчат ш. – 25. 8. 1938, Ленинград] – орус жазуучусу. Чыгармалары 1889-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы

чыгармаларында жакырлар турмушун, капиталисттик эзүүнү реалисттик түрдө сүрөттөйт («Молох» повести, 1896). Социалдык-сынчыл маанайдын күчөшү «Кармашуу» (1905), «Аңгек» (1909–15) повесттеринде байкалат. «Олеся» (1898), «Циркте», «Саз» (1902), «Коркок», «Ат

ууру» (1903), «Гамбринус» (1907), «Гранат билерик» (1911) аттуу повесть жана аңгемелердин, «Листригондор» (1907–11) очерктер циклинин, «Юнкерлер» (1928–32) аттуу автобиогр. романдын автору. Бир катар чыгармалары сахнага коюлуп, киного тартылган. Аңгемелери кыргыз тилине которулган (К. Саякбаев, Т. Самудинов, А. Кыдыров).


Чыг.: Собр. соч. В 9 т. М., 1970–1973.


Ад.: Кулешов Ф. И. Творческий путь А. И. Куприна, 1883–1907, 2-е изд. Минск, 1983; Он же. Творческий путь А. И. Куприна. 1907–1938. 2-еизд. Минск, 1987.