КУНДАК
КУНДАК – 1) ымыркай бешикке бөлөнгүчө жатуучу төшөкчө (уя). Көбүнчө төө жүнүнөн, тыбыттан же койдун уяң жүнүнөн кат-кат төшөлүп, баштык же ачык (бүктөп оромо) түрүндө жасалган. Сырты кездеме, таар, жаргак менен капталган. Көчкөндө алып жүрүү, кереге башына илип коюу, сууктан сактоо үчүн ыңгайлуу болгон; 2) мылтыктын түпкү жоон жыгач бөлүгү.