КУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУН – өлтүрүлгөн же жабыр тарткан адамдын чыгымын жаба турган каражат, мал ж. б. (к. Айып). К-дун жаралышы алгачкы коомдук мамилелерге барып такалат. Дүйнөнүн дээрлик бардык элдеринин тарыхына мүнөздүү. Кыргыздарда К. коомдук мамилелердин өзгөчө катмарын түзгөн; ага байланыштуу «кун алуу», «кун төлөө», «кун куу», «кунуна берүү», «кунуна кел­ген», «кун доо» ж. б. түшүнүктөр кенен тараган. Негизги максаты – күнөөлүү тарапты жазалоо, материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу. К. алуу (куу) адаты ыйык эсеп­телип, сөзсүз түрдө аткарылган. Бул көрүнүш коомдун социалдык-экон. өнүгүүсүнө жараша бир нече баскычтан өтүп, өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бирок негизги маңызы – күнөөлүү тарапты жазалоо функциясы сакталып калган.