КУМЫК ТИЛИ
КУМЫК ТИЛИ – кумуктардын тили; Дагстандын мамл. тилдеринин бири. Дагстанда, Чеченстанда, Түн. Осетин Респ-ына тараган. К. т. түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет, бирок анда огуз топторуна жакындаткан элементтер да арбын кездешет. Карачай, балкар, ногой, караим жана крым татарларынын тилине жакын. Адабий К. т. Октябрь рев-ясынан кийин касавюрт жана буйман диалектисинин негизинде түзүлгөн.
Жазуусу 1928-ж. чейин араб алфавитинде, 1928–38-ж. латын жазуусунда, 1938-жылдан орус графикасына өткөн. К. т-нде орус тилинен кирген сөздөр арбын.