КУМ-ТӨР
КУМ-ТӨР – Ички Теңир-Тоодогу суу, Нарын д-нын башаты. Ак-Шыйрак тоо тоомундагы Петров мөңгүсүнөн башталып, Ара-Бел-Суу менен кошулат да, Нарындын оң курамы – Тарагайды түзөт. Жети-Өгүз р-нунда. Уз. 36 км, алабынын аянты 233 км2. К.-Т-дүн 32 куймасы бар. Суу куралуу аймагынын орт. бийикт. 4090 м. Негизинен мөңгү суусунан куралат. Ири куймалары: Сары- Төр, Борду, Ак-Бел (сол). Жай мезгилинде кирип, күзүндө тартылат. Июндун аягында да ташкындайт. Жылдык орт. чыгымы 3,9 м3/сек. Алабынын 30%тен ашыгын мөңгүлөр ээлейт.