КУЛДУК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛДУК МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кырка тоосу­нун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,8 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,2 км3. Кы­зыл-Суунун сол куймасы Шибе суусунун ала­бында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5300 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийикт. 4900 м. Абляциясынын аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Шибенин сол куймасы – Кулдук суусу башталат.