КУЛАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛАТОВ Төрөбай (2. 5. 1908, азыркы Ноокат р-ну, Кызыл-Булак кыш. – 18. 2. 1984, Фрунзе) – сов. мамл. жана парт. ишмер. Ош обл. парт. мектебин (1936), КПСС БКнын Жогорку парт. мектебин (1961) бүтүргөн.

1926–33-ж. т. ж. жумушчусу, Кызыл-Кыядагы «Жал» шахт асында забойщи к, шахта к-тинин, көмүр казуучулар союзунун төрагасы, парт. к-ттин секрета­ры, 1938-жылдан Кызыл- Кыя шаараткомунун, «Кыр­гыз көмүр» трестинин төрагасынын орун басары, 1938–45-ж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин, 1945–78-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле мез­гилде СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1937–79), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1938–80) депутаты. 5 Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.


Ад.: Э. Эрматов. Легендага айланган өмүр. Б., 2008.