КУК АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУК АРАЛДАРЫ – Тынч океандын борб. бөлүгүндөгү архипелаг. Полинезияда. Жаңы Зеландия менен эркин ассоциациядагы «өзүн-өзү башкарган аймак». Архипелаг 15 аралды камтып, эки топко (Түш. жана Түн.) бөлүнөт. Ири аралдары: Раротонга, Мангаиа, Пенрин, Ракаханга, Манихики, Дейнжер, Суворов ж. б. жанартоонун аракетинен пайда болуп, бийикт. 652 м. Аянты 236,7 км2. Калкы 19,8 миң (2009); негизинен полинезиялыктар жана маорилер жашайт. Расмий тили – кук (аралда жашаган маорилердин тили) жана англис тилдери. Адм. борбору – Аваруа (калкы 12,9 миң; Раротонга а-нда). Акча бирдиги – Жаңы Зеландия доллары. Аралдын башчысы – Улуу Британия королевасы. Аралда Жаңы Зеландия өкмөтүнүн өкүлү да бар. Мыйзам чыгаруучу органы – парламент (Өкүлдөр палатасы). Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Жылдык орт. темп-расы 24°Сден (түштүгүндө) 28°Сге чейин (түндүгүндө). Жылдык жаан-чачынын саны 2000 мм. Ноябрдан апрелге чейин тайфундар болуп турат. Өсүмдүктөрү адамдар­дын таасиринен өзгөргөн. Раротонга жана Мангаиа а-нда нымдуу дайыма жашыл тропик токойлору сакталган. Кокос пальмасы, цитрус өсүмдүктөрү, ананас, банан, жашылча ж. б. өстүрүлөт. Орнитофаунага бай. Аралда эндемик 4 куштун түрү мекендейт.
Аралга 6-к-дын башынан полинезиялыктар отурукташа баштаган. Алгач аралды ачкандар­дын арасында орус деңиз сүзүүчүлөрү да болгон. Алар архипелагдагы бир атоллго Суворовдун ысмын ыйгарышкан. 1888-жылдан Улуу Британия протектораты. 1901-ж. К. а. Жаңы Зеландияга кошулуп, 1965-ж. өз ыктыяры менен Жаңы Зеландияга бириккен. 1971-жылдан арал өз алдынча эл аралык укукка ээ субъект катары Тынч океан аралдары форумуна мүчө. 1974-ж. Жаңы Зеландияда К. а-нын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылып, ал 1985-ж. элчилик болгон. 1987-ж. аралдын өкмөтүнө бейтараптыкты сактоо милдеттендирилген. К. а. БУУга мүчө болбогону менен анын атайын уюмдарына кирет.
Кийим тигүү, мөмө-жемиш консервалары, аррорут (крахмал) даярдоо өндүрүшү иштейт. Белек-бечкектерди чыгарат. Кара бермет, ташбака чопкуту чогултулат. Балык кармалат. Мейманкана жана туризм окуу борбору, Түштүк Тынч океан ун-тинин филиалы (Раротонга а-нда) бар. Ту­ризм өнүккөн. Сырттан азык-түлүк, отун ж. б. алат. Башкы соода шериктештери: Жаңы Зелан­дия, Австралия, Япония.


Ад.: Острова Кука // Всё о странах мира, атлас­справочник. М., 2004; Кука острова // Большая Российская Энциклопедия. Т. 16. М., 2010.
Р. Карачалова.