КУЙМАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЙМАК – майга бышырылган нандын бир түрү; К. кыргыздын эски, чүйгүн тамактарынын бири. Анын камыры суйдаң жуурулуп, ачытылат да, сары майга гана бышырылат. К-тын камырынын жуурулушуна жана жасалышына жараша бир нече түрү бар. Камырына жумуртка кошулуп, сүткө суюк жуурулуп, сары майга куюлса кор К., камыры жумшак жуурулуп, кол­го созулуп бышырылганы созмо К., камыры ка­туу жуурулуп, колго чоюлуп, ичкелиги сөөмөйдөй болгондо, бурап-бурап бышырса бу­рама К., сүт, жумуртка, пияз кошулуп, ун чалынган, ачыбаган суюк камырды сары майга куюп, бышырса чалмакей К. деп аталат.
Ад. Бөрүбаев Т. Кыргыз тамак-ашы. Ф., 1976.