КУЗНЕЦОВ
КУЗНЕЦО́В Николай Иванович (22. 7. 1932-ж. т., Казакстан, Жамбул обл., Кордой р-ну, Кордой (мурдагы Георгиевка) айылы) – а. ч. илимд. доктору (1973), проф. (1976). Кыргыз ССРинин эмг сиң. агроному. К. И. Скрябин атн. КАЧИни (1955), ошол эле жерде аспирантураны (1958) бүтүргөн. 1958–63-жылдары Кыргыз дыйканчылык ИИИде ил. кызматкер, улук ил. кызматкер, лабор. башчысы, 1963-жылдан К. И. Скрябин атн. КАЧИде кафедра башчысы, 1971–83- жылдары ф-ттин деканы, 1991–96-жылдары Кыргыз топурак таануу жана агрохимия ИИИнин директору жана КАЧИде проф. 1996– 2001-жылдары КАУда кафедра башчысы, 2001-жылдан кафедрада проф. Агрохимия, өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана топурак таануу илими б-ча адис. 210дон ашык ил. эмгектин, а. и. 9 монографиянын автору. «Данакер» ордени жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Агрохимические основы урожая кукурузы. Ф., 1980; Научные основы и рекомандации по применению удобрений в Киргизии. Ф., 1984.; Агрохимические основы высокой продуктивности озимой пшеницы (в соавторстве). Б., 2003.