КЕТ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТ ТИЛИ , е н и с е й - о с т я к т и л и – кеттердин тили. Енисей семьясындагы тилдер­ден сакталып калган жалгыз тил. Кет-пумпо­кол топчосуна кирет. РСФСРдин Краснояр кра­йынын (Турухан жана Байкит райондору) түндүгүнө таралган. Имбат жана сым (же юг) деген эки не­гизги диалекти бар. Кет тилинин биринчи жазуусун 1934-жылы енисей тилдерин изилдөөчү Н. К. Кар­гер түзгөн.