КЕСҮҮЧҮ СТАНОК
КЕСҮҮЧҮ СТАНО́К – материалды атайын бөлүктөргө бөлүп же ашыкча жерин алуу үчүн арналган металл шайман. Кесүүчү станоктун кесүүчү автоматтардан айырмасы төмөнкүлөр (жумушчу шайманы – кескич): эндүү бычактары бар кескич, токардык кесүүчү станок; араасы тоголок фрезалык кесүүчү станок (калыңдыгы 4–12 мм жана диаметри 350–1500 мм); араасы тасмалуу кесүүчү станок, ошондой эле, чанда колдонулуучу, тиши жок фрикциялык (сүрүлүп аракетке келүүчү) араалуу станок. Катуу металлдар электр учкундуу, ультра үндүү же лазердик иштетүүчү станоктордо кесилет.