КЕРМЕ-ТОО (Ош шаар кеңешине караштуу кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 26 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРМЕ-ТОО – Ош облусундагы кыштак. Ош шаар кеңешине караштуу Жапалак айыл округунун курамында. Облустун борбору Ош шаарынан 6 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 7 км. Кыш­так 1950-жылы негизделген. Калкы 1631 (2007); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Та­меки кабыл алуучу пункт, маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жайлары иштейт.