КЕРИМКУЛОВ
КЕРИМКУЛОВ Медетбек Темиркулович (28. 1. 1949-ж. т., азыркы Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Кең-Булуң айылы) – мамл. ишмер. 1972-ж. ФПИни бүтүргөн. 1972–74-ж. Кыргыз ССРинин

А.-ч. курулуш министрлигинде мастер, прораб, 1974–
82-ж. Токмок курулуш-монтаж трестинде улук инженер, башкы инженер, начальник, 1982–84-ж. Токмок шаардык ө. ж. бөлүмүнүн башчысы, 1984–85-ж. эл депутаттарынын Чүй р-ндук советинин төрагасынын орун басары, 1985–90-ж. Токмок курулуш-монтаж трестинин башчысы, 1990–91-ж. Токмок шаараткомунун төрагасынын орун басары, 1991–92-ж. Токмок шаардык советинин төрагасы, 1992–95-ж. Токмок, Ош шаардык мамл. администрацияларынын башчысы, 1995–99-ж. Бишкек ш-нын мэринин 1-орун басары, 1999–2005-ж. Бишкек ш-нын мэри, 2005–06-ж. КРдин 1-вице-премьерминистри, 2006–07-ж. КРдин ө.-ж., соода ж-а туризм министри, 2011-жылдан Токмок ш-нын мэринин милдетин аткаруучу. 3-даражадагы Манас ордени м-н сыйланган.