КОЙ ТЕКЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ ТЕКЕЙ (Scorzonera) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык, чан­да эки жылдык чөп ж-а бадал. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашат. Жер жүзүндө 170тей түрү, Кырг-нда 18 түрү бар. Кээ бир түрү­нүн жер астындагы бөлүгү желет. Айрымдары балдуу, кээ биринин тамырында каучук (тоо сагыз) болот.