КОГЕЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОГЕ́ЗИЯ (лат. cohaesus – байланышкан) – бир тектүү заттардын (суюк же катуу) бөлүкчөлө­рүнүн жармашуусу. Ал заттагы бөлүкчөлөрдүн (атомдор, иондор) ортосундагы хим. байланыш ж-а молекула аралык өз ара аракеттениши м-н шартталат. Бөлүкчөлөрдүн өз ара тартылыш күчтөрү берилген заттын физ., физика-хим., мех. касиеттерин (заттын агрегаттык абалын, бууланышын, эришин ж. б.) аныктайт.