КОАГУЛЯЦИЯ
КОАГУЛЯ́ЦИЯ (лат. сoagulatio – уюу, коюулануу) – молекулардын тартылуу күчтөрүнүн таасири м-н майда бөлүкчөлөрдүн биригип, чоңураак бөлүкчөлөрдү пайда кылуусунун натыйжасында коллоиддик эритмелер фазаларга ажырап, чөкмөлөрдү же килкилдектерди пайда кылуу процесси. К. кубулушу өзүнөн-өзү абдан жай жүрөт. Аларды тездетүүнүн эң негизги ыкмалары – коллоиддик эритмелерге ар түрдүү электролиттерди кошуу. Электролиттерди кошкондо, коллоиддик бөлүкчөлөрдүн алгачкы заряддары азаят же нейтралдашат да, К. процесси тездейт. Кээ бир коллоиддик эритмелер темп-ранын жогорулашынан К-ланат. Мис., жумуртка агынын уюшу, сүттүн эжигейге айланышы ж. б. К. жаратылыштагы процесстерде кенен таралган, мис., геологияда минералдын пайда болушу, атм-да аэрозолдун таркашы, ө. ж-да суспензия, эмульсиялардын пайда болуусу.