КЛИЧКО 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИЧКО́ Виталий Владимирович (19. 7. 1971- ж. т., Кырг-н, Москва р-ну, Беловодский айы­лы)

– украин профессионал бокс чебери. Бир тууган К-лордун улуусу. Атасы аскер кызмат­кери болгондуктан, үй-бү­лөсү1985-ж.Украинагакет­кен. К. 14 жашынан бокс м-н алектенген. WBO ж-а WBC версиялары б-ча оор салмактагы профессионал­дар арасында дүйнөнүн чем­пиону. Европанын, конти­нент аралык ж-а кикбок­синг б-ча дүйнөнүн 6 жолку (4 жолу профессионалдар, 2 жолу спортту сүйүүчүлөр арасында) чемпиону. Өзүнүн профессионалдык баскычын К. 1996-ж. Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, К. Бёрд, Л. Льюис, К. Сандерс сыяктуу бокс чеберлери м-н таймашкан. Ал профессионалдык рингде 39 жолу беттешип, 37синин 36сын нокаут м-н жеңген (2009); 26 таймашты эң аз раундда но­каут м-н жеңген оор салмактагы 1-дүйнө чем­пиону катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. 2004-ж. боксту таштап, 2008-ж. кайтып келген. 1998–2003-ж. эл аралык «Спорт-XXI» спортту өнүктүрүү фондусун жетектеген. Украи­на Баатыры, Украинанын «Эрдик» ордени м-н сыйланган.

Р. Аманкулов.