КЛИЧКО Владимир Владимирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 24 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИЧКО́ Владимир Владимирович (25. 3. 1976- жылы туулгант, Казакстан, Солнечный шаарчасы) – ук­раиналык профессионал бокс чебери. Бир туу­ган Кличколордун кичүүсү. Олимпия оюндарынын (1996, Атланта), жаштар арасында Европанын ж-а Украинанын 5 жолку оор салмактагы чем­пиону. WBO (2000–2003), IBF ж-а IBO (2006–2007) версиялары боюнча профессионалдар арасын­да дүйнөнүн чемпиону. Ошондой эле Европанын профес­сионалдар арасында чемпиону. Өзүнүн профессио­налдык баскычын Кличко улуу агасы м-н бирге 1996-жылы Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, Р. Пьюрити, Ф. Жек­сон, К. Бёрд, Ф. Бота, К. Сандерс, Л. Брюстер ж. б. бокс чеберлери м-н таймашкан.