КЫЗМАТ АДАМДАРЫ
КЫЗМАТ АДАМДАРЫ – бийлик өкүлүнүн милдетин иш жүзүнө ашыруу үчүн атайы дайындалган же шайланган адамдар. Алар туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктарга ээ болушат. КРдин «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамына (23-ноябрь, 1999) ылайык мамлекеттик кызмат адамдары 6 топко бөлүнөт. Ага: 1) КР Президенти; 2) Жогорку Кеңештин депутаттык милдеттерин туруктуу негизде аткарып жаткан адамдар; 3) КРдин Конституциясы аныктап, КР Президенти же Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган (шайланган) премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, судьялар ж. б.; 4) 1-, 2- жана 3-топтогу кызматты ээлеген адамдардын ыйгарым укуктарын аткарууну түздөн-түз камсыз кылуу үчүн дайындалган жардамчы ж. б. кеңешчилер; 5)мамлекеттик органдардын ыйгарым укугун аткаруу жана камсыз кылуу үчүн белгиленген кызматтар; 6)мамлекеттик органдар жана атайын мыйзамдар менен ишмердиги жөнгө салынуучу аскер кызматчылары, прокуратура, ички иштер, улуттук коопсуздук кызматы, салык-бажы инспекциясынын кызматкерлери кирет.
К. А. Бодобаев.