ИСТАХРИ
ИСТАХРИ Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фариси ал-Истахри – (болжол м-н 850, Иран – 934) – араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сууар алакалим« («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр м-н кошо карталар ж-а атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») деген эмгеги араб географиясынын классикалык үлгүсү болуп саналат. Ал китептин өзөгүн 920-жылы жазылган Абу Зайд Балхинин географиялык эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар м-н толуктаган. Истахри мусулман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, анын ичинде аларга караган ар бир аймакты (мисалы, Миан- Рудан же Кара-Дарыя м-н Нарын дарыясынын аралыгы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мисалы, Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жолдору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тышкары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазладж ж. б.), алардын тили, чарбасы ж-а соодасы жөнүндө да кенен маалыматтарды берген. Бизге анын араб тексти м-н 930–33-жылдарда кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2002.
Т. Жуманалиев.