ИСМАНОВ
ИСМАНОВ Хусаин [24. 01. 1924, СССР, РСФСР, Түркстан АССРи, Пишпек уезди (азыркы Сокулук району), Орок айылы – 28. 09. 1956, Кыргыз ССРи, Фрунзе облусу, Кызыл-Аскер району, Кашка-Баш айылы) – Даңк орденинин толук кавалери.

Советтик Армиянын катарына 1943-жылы чакырылып, 1-Белоруссия фронту, 8-гвардиялык армия, 82-гвардиялык аткычтар дивизиясынын катарында ошол эле жылдын октябрь айынан согушка кирген. Түштүк-Батыш, 3-Украин, 1-Белорус фронтторунда Украина, Висла дарыясы, Магнушев плацдармдарында салгылашып, Варшаваны жана Берлинге бошотууга катышкан. болгон. Висла дарыясынын сол жээгиндеги плацдармды ээлөөдө өз экипажы менен душмандын төрт контрабуулунун мизин кайтарып, эки танк, бир бронетранспортер, үч пулемёт жана ондон ашык немец жоокерлерин жок кылганы үчүн 03. 11. 1944-жылы гвардиянын сержанты Х. Исманов 3-даражадагы (№ 173940), Магнушев плацдармында душман техникаларын жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы (1945) ж-а Познань шаарын алуудагы эрдиги үчүн 1-даражадагы Даңк (1945), Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.