КЫДЫНОВ Молдокерим
КЫДЫНОВ Молдокерим (15. 9. 1928-ж. т., азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Алчалуу айылы) – химия илимд. доктору (1971), проф. (1973). КР УИАнын ардактуу академиги (1998). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери

(1993). КМПИни бүтүргөн (1951). Кыргыз ССР ИАда аспирант, ил. кызматкер (1951–60). Орг. эмес химия ж-а физ. химия ин-тунун директорунун орун басары (1960–65) ж-а директору (1965–75). 1962-жылдан орг. эмес заттарды синтездөө лабор-нын жетекчиси. 1994-жылдан КР УИАнын Химия ж-а хим. технология ин-тунун лабор. башчысы.
К-дун ил. иштери табигый туздардын физ. химиясын үйрөнүүгө ж-а орг. эмес комплекстерди алууга багытталган. Анын жетекчилиги м-н 150дөй хим. заттар синтезделип алынган. Анын жетекчилиги м-н туздарга, минералдарга, туздуу сууларга классификация берилген; туздарды комплекстүү иштетүү технологиясы өндүрүшкө киргизилген. 350дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 8 монография, 19 автордук күбөлүгү бар.
Эмг.: Физико-химическая характеристика природных солей месторождений Тянь-Шаня (в соавторстве). Ф., 1970; Физико-химические системы из солей одно и двух валентных металлов. Ф., 1970; Взаимодействие глицина с галогенидами двухвалентных металлов (в соавторстве). Ф., 1988; Комплексообразование солей биометаллов с лизином и гидрохлоридом лизина (в соавторстве). Б., 1991.