КЕҢКОЛ КӨЛҮ
КЕҢКОЛ КӨЛҮ Фергана тоо тизмегинин түш.- батыш капталындагы Кызыл-Үңкүр өрөөнүнүн баш жагынан орун алган. Базар-Коргон р-нунун аймагында. Деңиз деңг. 1840 м бийикте жатат. Уз. 700 м, туурасы 100–120 м, аянты 0,1 км2, тереңдиги 20–25 м. Көл байыркы моренанын өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Бөгөттүн бийикт. 50–60 м. Көлдөн Кеңкол суусу агып чыгып, Отуз-Арт суусу м-н кошулуп, Кызыл-Үңкүр суусун түзөт. Көлдү курчаган тоо капталдары тик, анда арча, карагай токою, көлдүн башталышындагы чакан дельтачада тал, терек жыш өсөт. Көлдө көк чаар, маринка, жилингир ж. б. балыктар бар.