КЕҢЕШ (Манас районундагы кыштак)
КЕҢЕШ – Талас облусунун Манас районундагы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караштуу. Талас –Жамбыл автомобиль жолунун, Талас суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 654 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 8 км түндүк- батыш тарапта. Жамбыл (Казакстан) темир жол бекетинен 15 км. Калкы 1001 (2007); негизинен мал м-н алектенет.