КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Кыргыз Ала-Тоосунда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:30, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги эң ири мөңгү. Норуз суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,5 км, аянты 10,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляциясынын аянты 6,2 км2. Куралуу облусу 4 циркте жайгашкан. «Тилинин» 2,9 км2дей жери калың морена кат­мары м-н капталган. Мөңгүдөн Норуздун негиз­ги курамы – Кең-Төр суусу башталат.