КЕҢ-КОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕҢ-КОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымындагы көч­мөн жана жарык көчмөн калктарга таандык ар­хеологиялык эстелик. Терминди илимге А. Н. Берн­штам киргизип, Кең-Кол көрүстөнүнүн атынан атаган. Эстеликке таандык мүрзөлөр дромос (өткөөл курулма) жана жарма көрдөн турганды­гы менен өзгөчөлөнөт. Өткөөл курулма тик бурч­туу жана узун келип, ага перпендикулярдуу жай­гашкан жарма көргө барып такалат. Андан көргө кирүүчү жери тегерек түрүндө болуп, ал жер таш такта же чийки кыш менен жабылган. Жарма көр сүйрү келип, өлчөмү кыйла чоң. Сөөк жерде, төшөлмө тактайда же жыгач табытка коюлган. Сөөк бирден, экиден, кээде топ-тобу менен көмүлгөн.

Кеңколдук. М. М. Герасимовдун ре­конструкциясы . Кең-Кол тибиндеги казанактуу көрүс­төндөн табылган карапа идиш.

Сөөк менен кошо карапа жана жы­гач идиштер, жыгач отургучтар, темир бычак, бүлөө, жаргылчак, асем буюмдар, жаа, учу те­мир жебе, канжар, кылыч, зоот кийим, калкан жана башкалар табылган. Кең-Кол маданиятынын эстелигине тиешелүү көрүс­төндөргө коюлган адамдар антропол. жактан европеоид тибине кирип, бирок моңголоид белги­лери да бир топ болгон, көбүнүн баш сөөгү ата­йылап деформацияланганы байкалат. Кең-Кол маданиятына кирген уруулардын этностук табия­ты алигиче тактала элек. Бул маданиятка тиешелүү көрүстөндөр Талас, Кетмен-Төбө, Фергана, Чат­кал, Алай, Борбордук Теңир-Тоо, Чүй өрөөндөрүндө жана башка жерлерде кезигет.


Ад.: Кожомбердиев Ы. Катакомбные памятники Таласской долины // Археологические памятники Таласской долины. Ф., 1963.