КЕҢ-АҢ ТУЗ КЕНИ
КЕҢ-АҢ ТУЗ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-нунда, Кең-Аң сайынын башталышында, деңиз деңг. 2200–2300 м бийикте. Нарын свитачасынын (калыңдыгы 15–35 м) туздуу чопо катмарынын арасында 3 мге жеткен галит кабаты кездешет. Галит күңүрт түстө, ири кристаллдуу. Хлордуу натрийдин орт. өлчөмү 65,11%. Запасы С2 категориясы б-ча 175 миң т.